Крымда электр жана байланыш үзгүлтүккө учурай баштады
![Крымда электр жана байланыш үзгүлтүккө учурай баштады](https://gdb.rferl.org/6C14A957-DE64-4A01-9363-0087095BDE22_cx37_cy9_cw62_w800_h450.png)
Орусия аннексиялап алган Крымдагы бир канча калктуу конуштарда электр жана мобилдик байланыш 13-июнда үзгүлтүккө учурай баштады. "Крыминформ" агенттиги жарым аралдын дээрлик бардык бөлүгү жарыксыз калганын жазды. Симферополдо жолдо троллейбустар токтоп, унаа тыгыны көбөйгөнү кабарланды. Себептери азырынча расмий айтыла элек. ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, буга Краснодар крайындагы электр станциясында чыккан авария себеп болушу ыктымал.
Крымда былтыр жайында да электрге байланыштуу ушул өңдүү маселе жаралган.
Украинадагы Крым жарым аралын Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Москванын бул кадамын эл аралык коомчулук, айрыкча Батыш өлкөлөрү сындап келет.