Грузияда өкмөт башчы отставкага кетти
![Грузияда өкмөт башчы отставкага кетти](https://gdb.rferl.org/DAC0F2A5-1FAF-4CCF-920F-F347DD4943FA_cx0_cy3_cw0_w800_h450.jpg)
Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили 13-июнда отставкага кетти. Ал муну башкаруучу партия - "Грузин кыялынын" лидери Бидзина Иванишвили менен пикир келишпестикке байланыштырды.
- Мен ар убак командалык оюнчу болгом. Андыктан команданын маанайын карайм. Бүгүнкү чечимге да мына ушуга байланыштуу келдим. Партия лидери менен бир нече маселе боюнча көз караштарыбыз каршы чыкты, - деди ал шаршемби күнү телекайрылуусунда.
Грузиянын Баш мыйзамына ылайык, премьердин отставкасы өкмөт толук курамда кызматтан кетти дегенди туюндурат.
13-июнда Тбилисиде өкмөткө каршы нааразылык акциялары да уланды.
50 жаштагы Квирикашвили премьерликти 2015-жылдан бери аркалап келаткан. Анын өкмөтүнө каршы демонстрациялар 31-майдан бери уланууда. Буга былтыр декабрда эки өспүрүмдүн өлтүрүлүшү жана бул кылмышка айыпталгандардын баары жазага тартылбай калганы себеп болгон.