Үч жылда бүткөн шектүү тендер
Бишкек-Ош жолунун Маданият - Жалал-Абад бөлүгүн оңдоо боюнча тендер жыйынтыкталып, аны “Азвирт” аттуу компания утуп чыкты. Азербайжандык фирма 67 чакырым жолду үч жарым млрд. сомго оңдоп бермей болду. Бирок тендерге катышкан Орусиялык “Евротракт” компаниясы сынак коррупциялык жолдор менен өткөнүн айтып чыкты. Орус фирмасы тендерде өзү утуп чыкканын, бирок министрликтеги адамдар пара берген тарапты жеңүүчү кылып койгонун айтууда. “Чоо жай” түрмөгүндө "Азаттык" ушул маселени иликтеген.