Лейлекте чагылгандан бир адам каза болду
Лейлек районунун Ак-Суу айылынын 27 жаштагы тургуну чагылгандан каза болду.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Лейлек райондук акимчилиги 16-июнда билдирди.
Райондук бийликтин маалыматына караганда, 15-июнда Ак-Суунун тургуну айыл ичиндеги эле жолдо бараткан учурда чагылган түшүп, ал ооруканага жетпей каза тапкан.
Маркумдун артында эки баласы калды. (JsA)