Кореядагы кырсык мигранттын милдетин эске салды
Түштүк Кореяда жол кырсыгынан кийин ооруканада каза болгон тажикстандык Нурмухаммад Жалаловдун сөөгүн жакындары медициналык кызматтар үчүн ал өлкөгө 21 миң доллар төлөгөн соң гана алышты. Анткени мигрант жигиттин бул өлкөдө жашап, дарыланууга жол берген медициналык камсыздандыруу документи болгон эмес.