Футбол-2018: Германия Мексикага утулду
Футбол боюнча дүйнө чемпионатында учурдагы чемпион наамынын ээси Германия командасы алгачкы тайпалык оюнду Мексика менен өткөрүп, 0:1 эсебинде жеңилди. Оюндун жүрүшүндө Германия топтун көпчүлүк бөлүгүнө ээлик кылып, чабуулдарды жүргүзгөнү менен 90 мүнөт ичинде гол киргизе алган жок. Ал эми Мексиканын катарында жалгыз гол 35-мүнөттө контрчабуулдун натыйжасында жаралды.
Дагы бир чемпионаттагы эң күчтүү саналган Бразилиянын улуттук курамы да алгачкы Швейцария менен оюнун тең чыгуу менен гана аяктады. Жалпы эсеп 1:1 менен жыйынтыкталды.
Учурда Германия кирген “F” тайпасында Мексика үч упай менен алдыга чыкса, Бразилия жайгашкан “Е” тайпасында Сербияда үч упай, Швейцария менен Бразилияда бирден упай бар.
Дүйнө чемпионатынан алкагында бүгүн тайпалык оюндар уланат. Анда Швеция – Корея, Бельгия – Панама жана Тунис менен Англия өлкөлөрүнүн футболчулары ойношот. (SDz)