АКШнын Нью-Жерси штатында атышуудан 20 киши жараат алды
![АКШнын Нью-Жерси штатында атышуудан 20 киши жараат алды](https://gdb.rferl.org/73D9D547-2542-492C-A900-5BBB3C26DBA4_w800_h450.jpg)
Нью-Жерси штатынын Трентон шаарында 17-июндагы атышуудан 20 киши жараат алды. Ал эми кол салган эки адамдын бири, 33 жаштагы эркек атып өлтүрүлдү. Анын шериги да жарадар болгондон кийин кармалды.
Жергиликтүү прокурордун билдиришинче, жабыр тарткандардын төртөө өтө оор абалда. Алардын ичинде 13 жаштагы бала да бар.
“Асcошиэйтед Пресс” маалымат агенттиги кабарлагандай, эки шектүү киши “Art All Night” искусство фестивалы өтүп жаткан учурда аянтта ок чыгарган. Учурда факт боюнча тергөө уланып жатат. Полиция кол салгандардын башка шериктерин да издөөгө алууда. (ErN)