Депутат Келдибаев Кадыралиевага каршы прокуратурага кайрылды
Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев анын кош жарандыгы тууралуу билдирүү тараткан экс-депутат Ыргал Кадыралиевага каршы прокуратурага арыз берди. Бул тууралуу Келдибаев "Азаттыкка" өзү билдирди.
Келдибаев Кадыралиевдин айткандарын жокко чыгарып, муну "каралоо үчүн атайылап жасалган аракет" деп атады.
20-июнда мурдагы депутат Ыргал Кыдыралиева Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, "Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы бар жана ал бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын жараны" деп билдирген. Экс-депутат ошондой эле “Орусия Федерациясынын аймагында Келдибаев Сагындыкка тиешелүү бир нече фирмалар бар” экенин айткан.
Жогорку Кеӊешке "Республика – Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча жаңыдан депутат болуп келген Сагындык Келдибаев ушул жылдын 25-апрелинде ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары Келдибаевдин кош жарандыгы бар экени, Орусиянын да жарандыгын алганы тууралуу кабар таратышкан. Сагындык Келдибаев "Азаттыкка" комментарий берип, мурда орус жарандыгы болгонун, аны 2014-жылдын 23-декабрында тапшырганын билдирген. (ErN)