Лондондун темир жол вокзалы бомба коркунучунан улам жабылды
![Лондондун темир жол вокзалы бомба коркунучунан улам жабылды](https://gdb.rferl.org/0D12B1A0-9E68-4E07-9DBF-4FE0469FFD07_w800_h450.jpg)
Британ баш калаасынын борбордук “Чаринг-кросс” темир жол вокзалы жана ал жердеги метро станциясы рельстерде жүргөн белгисиз адам жанында бомба бар экенин айтканынан улам жабылган.
Британ транспорт полициясынын 22-июндагы маалыматына караганда, ошондон улам станция менен метродогу адамдардын баары эвакуацияланып, ал жерге бара турган поезддер менен метролордун баары токтотулган.
Расмий өкүлдөр жанында бомба бар экенин айткан адам кармалганын да кабарлашты. Бирок анда жардыруучу зат чын эле болгон-болбогону азырынча белгисиз. (UE)