"Азаттыктын" журналисти сыйлык алды
Белгилүү журналист, публицист Кален Сыдыкованын 60 жылдык мааракесинде "Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаев кесипкөй журналист катары “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болду.
Кален Сыдыкова - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, “Даңк” медалынын жана башка бир нече сыйлыктардын ээси.
Бүгүн, 22-июнда Кален Сыдыкованын 60 жылдыгын белгилөө боюнча жыйында жемкорлукка каршы материалдарды даярдаган, өлкөдөгү чуулгандуу окуяларды чагылдырган журналисттер сыйланды. Ошондой эле кыргыз журналистикасынын абалы да талкууланды. (TSh)