Үлпөт тойду уюштуруу үлкөн бизнес
Адамдын жашоосундагы эң маанилүү күндөрдүн бири болгон үйлөнүү тоюн өткөрүү азыр Кыргызстанда кирешелүү бизнеске айланды. Колуктунун көйнөгүнөн тартып, ресторанды кооздоо, сүрөт, видео тартуу сыяктуу кызматтардын түрү ачылып, бул индустрияда миңдеген адамдар иш ордун тапты.