Түркия: Эрдоган куттуктоолорду ала баштады
Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик медиасы кабарлоодо. “Анадолу” агенттигинин билдиргенине караганда, президент Режеп Тайып Эрдоганды “шайлоодогу ийгилиги” менен эң алгачкылардан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Катардын эмири Тамим бин Хамад бин Халифа Аль Тани, Пакистандын президенти Мамнун Хусейиндер куттукташты.
“Анадолу” агенттиги, ТРТ телеканалы келтирген маалыматтарга караганда, добуштардын 94%ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча президент Режеп Тайип Эрдоган 52,86% менен алдыда.
Анын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык - элдик партиясынын талапкери Мухаррем Инже 30,66% менен экинчи, абактагы саясатчы, Элдик -демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ 7,94% үчүнчү, “Жакшы” партиясынын лидери Мерал Акшенер 7,45% добуш менен төртүнчү орунда.
Ал эми парламенттик шайлоодогу добуштардын 90%дан ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы менен улутчул Улуттук кыймыл партиясы түзгөн “Элдик альянс” 53, 87% менен алдыда.
Экинчи орунда 34,02% менен оппозициячыл партиялардын “Улуттук альянсы”, үчүнчү орунда 11,04% добуш менен күрттөрдүн таламын талашкан Элдик -демократиялык партия келе жатат.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети 24-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылган жана кечки саат беште жабылды.
Түркиянын тарыхында президентти эл түз шайлаган экинчи шайлоодо Режеп Тайип Эрдоганга беш саясатчы атаандаш болду.
24-июндагы добуш берүүгө Түркиядагы шайлоого укуктуулардын 87% катышканы кабарланды. (UE)