ИИМдин жооптуу кызматкерлери жемкорлукка байланыштуу кармалды
26-июнь күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен бирге ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы М.Н. жана тергөөчүсү Ж.А. беш миң доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Атайын кызмат буга чейинки Башкы прокуратуранын козгогон кылмыш иштеринин негизинде ыкчам аракет көргөн. Милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 313-берене ("Пара талап кылуу") менен иш козголгон.
Тергөөнүн материалдарында сөз болуп жаткан кызматкерлер жемкорлукка байланыштуу шек саналган жарандын бөгөт чарасын өзгөртүп, кылмыш ишин кыскартыш үчүн пара талап кылганы айтылат. Бул ишти УКМК тергеп жатат. (TSh)