Ооганстанда “Талибандын” кол салуусунан ондогон киши көз жумду
"Талибан" кыймылынын Ооганстандагы чабуулдарынан ондогон адамдын өмүрү кыйылды. Куралдуу топтун Тахар провинциясындагы кол салуусунан кеминде 14 полиция кызматкери көз жумду. Ошондой эле окуядан эки кызматкер жакарат алса, дагы алты полиция кызматкери дайынсыз болууда. Бул тууралуу губернатордун өкүлү Суннатулла Тимур билдирди.
"Талибандын" басма сөз катчысы Забихулла Мужахид ал жакка талибдер кол салганын ырастады.
Мындан тышкары, Логар провинциясынын жергиликтүү бийлигинин маалыматы боюнча, аймакта болгон эки кандуу окуядан 11 киши мерт болгон.
Ал эми Нангархар провинциясынын эки районундагы талибдердин чабуулунан коопсуздук күчтөрүнүн кеминде беш өкүлү көз жумган.
“Талибан” быйыл апрелде жазгы чабуулун баштаганын жарыялагандан бери ооган коопсуздук күчтөрүнө жана кызмат адамдарына каршы кол салууларын күчөткөн. Ооган өкмөтү буга чейин Айт майрамынын алдында башталган утурумдук элдешүүнүн убактысын узартуу сунушун согушкер топ четке каккан.