Трамп менен Путин жолуга турган болду
Кошмо Штаттар менен Орусия президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путиндин саммити 16-июлда Хельсинкиде өтөт. Бул тууралуу бүгүн Кремль жарыялады. Саммит макулдашылганы 27-июнда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Кремлдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтылган. АКШ менен Орусиянын президенттеринин алгачкы саммитинде кайсы маселелер талкууланышы мүмкүн?