УКМК Аттокуровдун Кулматов тууралуу суроосуна жооп берди
УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Аттокуровдун Кулматов тууралуу суроосуна жооп берди. Аттокуров кечээ парламенттик комитетте сүйлөп жатып Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Калыс-Ордодогу мектепке байланыштуу айып тагылганын, бирок министр бул мектептин ишинде калет жок экенин айтып жатканына нааразы болгон:
- Гүлмира Каримовна айтып кетти, Калыс-Ордодо 1600 бала окуп жатат татынакай эле деп. Ошол эле учурда ал мектепке байланыштуу Кубанычбек Кулматовду камап салды, эки миллион долларды туура эмес сарптаган деп. Муну кандай түшүнсө болот? Мектеп татынакай эле турат го. Мен да барып келдим ал мектепке. Мен каалайт элем, Кыргызстанда ошондой мектептер көбүрөөк салынса деп.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети буга төмөнкүчө жооп кайтарды:
"Кулматов 2014-жылы ЖЭБди модернизациялоонун алкагында Ош жана Чүй облустарына мектеп курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектепке жумшагандыгы жана куруучу компанияны сынаксыз тандап алгандыгы аныкталган. Андан сырткары мектептин курулушун аякташ үчүн ал шаардык бюджеттен үчүнчү курулуш компаниясына дагы 100 миллион сом бөлгөн. Натыйжада Калыс-Ордодогу 660 орундуу мектеп 266 миллион сомго курулган. Мисалга, Ак-Ордо конушундагы 1000 орундук мектеп ошондой эле инфраструктурасы менен 245 миллион долларга курулган, ал эми Аламүдүн районундагы 750 окуучуга ылайык мектеп 154 миллион сомго курулган" деп жазылган УКМКнын жообунда.
Данияр Аттокуров Жогорку Кеңешке Социал-демократтар партиясынан шайланып келген. Бул партияны мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жетектейт. Айрымдар Аттокуровдун кечээ күнкү билдирүүсүн коррупцияга айыпталып жаткан Кубанычбек Кулматовду коргоо аракети катары сыпаттоодо. (KR)