Жакырчылык басаңдап, байлык көбөйдү
Дүйнөдө өтө жакырлардын саны азайууда, бирок бул жараян мурдагыдан солгундап кетти. Дүйнөлүк банк акыркы иликтөөсүндө мына ушундай бүтүм чыгарды.
Дүйнөдө өтө жакырлардын саны азайууда, бирок бул жараян мурдагыдан солгундап кетти. Дүйнөлүк банк акыркы иликтөөсүндө мына ушундай бүтүм чыгарды.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу 23-октябрдын кечинде Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен кездешкен соң билдирди. Болтондун айтымында, Вашингтон президенттер Трамп менен Путиндин 11-ноябрда Парижде жолугушуусу үчүн даярдык көрөт. Ал өзүнүн Путин менен 90 мүнөткө созулган сүйлөшүүлөрүн “абдан кеңири жана жемиштүү” деп мүнөздөдү. Путин Болтон менен жолугушууда ал президент Дональд Трамп менен быйыл июлда Хельсинкиде башталган диалогду улантууну каалаарын... Читать дальше...
Террорчулардын эл аралык каржылануусуна каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн жети өлкөнүн тобу "кара тизмеге" Ооганстандагы “Талибан” кыймылы менен байланышы бар тогуз кишини, анын ичинде Ирандын эки аскерий адамын киргизди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги 23-октябрда жарыялады. Каржы министри Стивен Мнучин белгилегендей, алар санкциялык тизмеге “Талибандын" жанкечтилердин чабуулдарына жана башка кол салууларга тиешеси бар мүчөлөрүн кошту, ага катар “Талибанды" каражат менен камсыздап, материалдык... Читать дальше...
Бул тууралуу Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымова билдирди. Казак министри Орусия менен чектеш Түндүк Казакстан облусундагы сапары учурунда айткандай, бул аймактагы жашоочуларынын саны 10 же андан аз болгон 38 кыштак жоюлат. Алардын тургундары аймактын башка “дурус өнүккөн шаарчалары менен кыштактарына” көчүрүлөт. Мадина Абылкасымова казак өкмөтү алдыда экономикалык жактан келечектүү айыл-кыштардын инфраструктурасы үчүн гана каражат бөлө турганын да кошумчалады. Читать дальше...
Орусия АКШнын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыгуу тууралуу жарыясын “опурталдуу” деп атады. Казакстанда өкмөттөн бекер үй алуучулардын санын эки эсе азайтуу демилгеси көтөрүлдү. Венгрияда селсаяктарга көчөдө уктоого тыюу салынды. Кумсалыкты айыктырса болот, кепилдиги бар – 30 миңдей жараны кумса катары каттоого алынган Тажикстан муну илдет деп атап, дарыламай болуп жатат. Москвада Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун эстелиги ачылар замат аны жок кылууну талап кылгандар акцияга чыгышты. Читать дальше...
Бул тууралуу АКШнын бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка караганда, жарылуучу түзмөк америкалык миллиардер Жорж Соростун Нью-Йорк штатындагы үйүнүн сыртындагы почта үкөгүнөн 22-октябрда табылган. Аны эң биринчи болуп Соростун кызматкерлеринин бири көрүп, полицияны чакырган. Кийин адистер тобу жарылуучу түзмөк үйдүн жанындагы токойлуу аянтта зыянсыздандырышты. Полиция түзмөктө “чыныгы бомбанын компоненттери”, анын ичинде жарылуучу порошок болгонун кабарлады. “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда... Читать дальше...
Ысык-Көл районунун Тамчы айылында сабалган бала таекеси христиан дининде болгону үчүн ур-токмокко алынганын туугандары айтышууда.
Бирок учурда өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Никол Пашинян буга чейин өзү билдиргендей, бул тактикалык максатта гана жасалган формалдуу кадам. Ал армян парламентинде, 24-oктябрдагы добуш берүүдө өкмөт башчылыкка шайланбашы керек. “Елк” фракциясы Пашинянды премьер-министрликке фракцияларга талапкер көргөзүшү үчүн берилген мөөнөт аяктаганы калганда сунуш кылды. Бийликке быйыл майда элдик толкундоолордун аркасында келген Никол Пашинян өткөн аптада кызматтан чегингенин жарыялаган. Бул кадамын ал учурдагы парламенттти таратып... Читать дальше...
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган журналист Жамал Хашогжини өлтүрүү күн мурунтадан пландалганын парламент жыйынында билдирди. Казакстанда темир тор артындагы аткаминерге жыргалчылык шарттарын түзүп берген түрмө жетекчилери өздөрү абакка кесилди.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Орусияга кетиши көптөгөн божомолдорго жем таштады.
Дүйшөмбү шаарынын №1 убактылуу кармоочу жайында башталган сот жараяны жабык өтүп жатат. Быйыл июль айынынын соңунда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган. Тажикстандын Ички иштер министрлиги автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал менен кол салганын билдирген. Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Читать дальше...
Эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коому Борбор Азияда 200 миңден ашуун адамга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөттү. Буга кошумча Орусияга кетип жаткан мигранттарга саламаттык жаатындагы укуктары боюнча акысыз кеңеш берип келет.
Кыргызстанда акыркы беш жылда паспорттордун мыйзамсыз берилиши жана жасалма паспорттор боюнча укук коргоо органдары 405 кылмыш ишин козгошту. Башкы прокуратура "Азаттыкка" билдиргендей, булардын ичинен 186 иш тергелип бүтүп, сотко өткөн. Ал эми 39 иш мыйзамда жазылган жүйөлөрдүн негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Калганы токтотулганы жана тергөөдө экени белгилүү болду. Башкы көзөмөл органы кылмыш иштери кайсы негизде токтотулганы тууралуу так маалымат берген жок. Буга чейин Кыргызстандын паспорттору чет өлкөлүк жарандарга... Читать дальше...
Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын курулушу ага жакын жайгашкан май куюучу жайдын айынан токтоп турат.
Чүй облусунун Кара-Жыгач айылындагы гольф клубда аталган спорттун түрүнөн эл аралык мелдеш өттү. Ага Канададан тартып Орусия, Армения, Корея өндүү 11 мамлекеттен 50 гольф ышкыбозу катышты.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин иштетүүгө нааразылык билдирип чыккандарды милиция кармап кеткен жок. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, бүгүн, 23-октябрда Шамбесай кенин иштетүү үчүн топурак, суунун анализин жүргүзүүгө адистер барышканда 50-60 чакты жашоочу ага нааразылык билдиришкен. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышкан. Буга чейин... Читать дальше...
Казакстанда темир тор артындагы аткаминерге өзгөчө ыңгайлуу шарт түзүп берген түрмө жетекчилери өздөрү абакка кесилди. Соттун өкүмүндө айтылгандай, алар "Коррупция" беренеси менен соттолгон аткаминерге күчөтүлгөн тартиптеги колониянын ичинде үйдөгүдөн да жакшы шарт түзүп беришкен.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан Бишкекке кайтып келе турганын "Азаттыкка" билдирди. Ал "Атамбаев качып кетти" деген пикирлерди четке какты: - "Келет же келбейт" деген талкууларга негиз жок. Алмазбек Атамбаевдин позициясын билесиңер. Ал Кыргызстандан эч кайда кетпейт. Кетүүгө эч кандай себеп да, негиз да жок. 28-октябрда Бишкекке кайтып келет. Алмазбек Атамбаев Орусияга 22-октябрда кеткен. Анын алдында КСДП... Читать дальше...
«Ош шаардык суу канал» ишканасы күзгү-кышкы ремонттоо иштерине байланыштуу 2018-жылдын 23-октябрында түнкү саат 24:00дөн баштап, 25-октябрь саат 24:00гө чейин Ош шаарына суу берүү убактылуу токтотула турганын билдирди. Маалыматка караганда, «Курманжан Датка», «Манас-Ата», «Туран» аймактык кеңеши, «Достук» кичи району жана «Калинин» конушунан башка аймактарга суу убактылуу берилбейт. Мекеме шаардыктарга бир суткага жете турган суу камдап алуу зарыл экенин эскертүүдө. Ош шаарында жыл сайын жаз... Читать дальше...
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн бул тууралуу АК партиянын парламенттеги жыйынында билдирди. Анын айтымында, саудиялык журналист Жамал Хашогжини (Хашогги) өлтүрүү "күн мурунтан" пландалган, саудиялык агенттер Түркияга журналист өлтүрүлгөндөн бир күн мурун келе башташкан. Түрк президенти кошумчалагандай, саудиялыктардын он беш адамдан турган тобу консулдукка журналист өлтүрүлгөнү күнү кирген жана үчөө Стамбулдагы Белград токоюн чалгындоого барган. Жумалап созулган карама-каршылыктуу... Читать дальше...
Кыргыз гидрометерология агенттиги билдиргендей, 24-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз түндүк тарабында -2…+3, калган бөлүгүндө 17…22; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 4…9; Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19; Баткенде түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22; Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7... Читать дальше...
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жолго турак жай салына баштады.
22-октябрда НАТОнун Ооганстандагы бир жоокери кол салуудан курман болду.
Мындай эсеп Швейцариядагы "Credit Suisse Research" институтунун “Global Wealth report 2018” аттуу жаңы баяндамасында айтылды. Өткөн аптада жарыяланган баяндамада келтирилген маалыматтарга караганда, глобалдык чен-өлчөмдөн алганда соңку он эки айда байлык 4,6% же 14 триллионго көбөйүп, анын жалпы акчалай көлөмү 317 триллион долларга жетти. 2018-жылга карата дүйнөнүн бул 317 триллион доллардык байлыгынын 98 триллиону Кошмо Штаттарда, 51,8 триллиону Кытайда топтолгон. 2018-жылга карата ошондой... Читать дальше...
Түркия акыркы эки жарым айда Ирандан мунай импортун көбөйткөндүгүн жана эми ай сайын бул өлкөдөн үч же төрт ири партия мунай импорттоону пландаштырып жатканын IRNA агенттиги "Aydinlik" гезитине шилтеме берип жазды.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости