Интерполдун башчысы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды
Мэн Хунвэй башчылыктан кетүү тууралуу арыз жазганын Интерпол 7-октябрдын кечинде билдирди. Андан бир нече саат мурда Кытайдын Улуттук көзөмөл комиссиясы Мэн “мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жатканын” жарыялаган. Хунвэй кайсы жерде отурганы тууралуу кенен маалымат берилген жок. Улуттук көзөмөл комиссиясы адатта коррупцияга байланыштуу иштерди иликтейт. Ошентип Интерполдун президенти Мэн Хунвейдин дайыны 9 күндөн кийин белгилүү болду. "Ал 29-сентябрда Кытайга барары менен кармалышы мүмкүн" деген божомолдор ырасталды. Читать дальше...