Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 05.10.2018

Айтматов ачкан Ысык-Көл шеринеси

Azattyk.org 

Кыргызстанда Ысык-Көл шеринеси ишин баштады. Иш-чара анын демилгечиси, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда.

Индия Орусиядан 5 млрд. долларга курал алат

Azattyk.org 

Индия Орусиядан 5 млрд. долларга С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплексинен бешти сатып алат. Контракт түзүлгөнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Делидеги жолугушуусунда белгилүү болду.  Орусиядан курал алганы үчүн Индияга Кошмо Штаттар санкция салышы ыктымал. Сентябрда АКШ Кытайдын Коргоо министрлигинин департаментине санкция салган. Аны Кытай Орусиядан Су-35 үлгүсүндөгү аскер учактарын сатып алганына байланыштырган.  Вашингтон Москвага... Читать дальше...

Ардагер балбан Умурзаков дүйнө чемпионатында коло байге утту

Azattyk.org 

Кыргызстандык Исломидин Умурзаков ушул күндөрү Орусиянын Пермь шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 5-октябрда Умурзаков 41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 70 килограмм салмакта килемге чыкты. Ал алгач орусиялык Алексей Архангельскийди жеңип (4:4), чейрек финалда дагы бир орус балбаны Александр Борисовго жеңилди ( А.Борисов... Читать дальше...



"Азаттык+": Табиятты аздектегендер

Azattyk.org 

Адамдын керектөөлөрү көбөйүп, ага жараша таштандынын көлөмү да артып баратканы маалым. Кыргызстанда жаштар экологияны коргоо үчүн кандай салым кошууда? Табият үчүн күйгөн замандаштарыбыз тууралуу "Азаттык плюстун" ушул чыгарылышында айтып беребиз.

Сенцов: 145 күндө 20 кг салмак жоготтум

Azattyk.org 

Орус абагындагы украин режиссеру Олег Сенцов 6-октябрдан тартып ачкачылык акциясын аргасыздан токтотот. Анын адвокаты аркылуу берип жиберген каты "Новая газета" басылмасына жарыяланды.  "Саламаттыгымдын опурталдуу абалда турганына, ички органдарымдагы патологиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу жакынкы убактарда мага күчтөп тамак бергени жатышат. Бирок менин оюмду эске алышкан жок. Мен өз саламаттыгымдын абалын жана ага карата коркунучту адекваттуу талдай албаган абалда имишмин", - деп жазат Сенцов.  Андан ары ал 145 күн ачкачылык кармап... Читать дальше...

Кыргызстанда Ысык-Көл шеринеси башталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда Ысык-Көл форуму ишин баштады. Шерине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Анын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармачылыгы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өтмөкчү. Өткөн кылым соңунда дүйнөгө төбөсү көрүнгөн интеллектуалдардын башын кошкон Ысык-Көл форуму өз деңгээлин сактап кала алдыбы?

“Коопсуз шаар” боюнча дагы бир чыр чыкты

Azattyk.org 

Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия "долбоорду ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” концернинин иш тажрыйбасы жок" деп жыйынтык чыгарды.

Франциялыктар Азнавур менен коштошту

Azattyk.org 

Францияда дүйнөгө белгилүү ырчы, композитор, жазуучу жана актер Шарль Азнавур менен коштошуу зыйнаты өттү. Улуттук деңгээлдеги иш-чара "Les Invalides" сарайында уюштурулуп, ага Франциянын азыркы жана мурдагы президенттери, Армениянын президенти менен премьер-министри катышты.  Француз желеги жабылган табытты жана армян желегинин элеси түшүрүлгөн гүлчамбарды армян улуттук музыкасынын коштоосунда көтөрүп киришти. Улуту боюнча армян Шарль Азнавур 1-октябрда дүйнөдөн өткөн. Ал 1922-жылы Парижде армян эмигранттарынын үй-бүлөсүндө туулган. Читать дальше...



Эл күткөн эр уруш

Azattyk.org 

Батыштын хакерлик чабуулдар жөнүндөгү соңку айыптоосун Москва “өзөктүк державалар ортосундагы чыңалууну күчөтүүгө багытталган коркунучтуу жол”, - деп баалады. Ингушетияда Чеченстан менен административдик чек араны аныктаган карама-каршылыктуу келишимге нааразы болгондор акциясын улантышууда. Нобель тынчтык сыйлыгы жыныстык зомбулукту согуш куралы катары колдонуу аракеттерин токтотууга кошкон салымдары үчүн конголук Денис Муквеге менен ирактык Надия Мурадга ыйгарылды. Коннор Макгрегор жана Хабиб Нурмагомедов... Читать дальше...

“Вега” компаниясы комиссиянын чечими боюнча жооп берди

Azattyk.org 

“Вега” компаниясы арыздарды караган комиссиянын чечимине макул эмес экенин, мыйзам чегинде чечимге каршы даттанаарын “Азаттыкка” маалымдады. “Вега” компаниясынын башкы директорунун орун басары Сергей Калмыковдун атынан таратылган кайрылууда "“Маалыматтык системалардын коопсуздугу” ишканасы берген арызда негизсиз маалыматтар камтылган жана чечим “Вега” компаниясынын өкүлдөрүн чакырбай туруп, бир жактуу чыгарылганы туура эмес болгон” деп жазылат.  5-октябрда Мамлекеттик сатып алуу департаментинде... Читать дальше...

Интерполдун жетекчисинин дайыны чыкпай жатат

Azattyk.org 

Интерполдун президенти Мэн Хунвэйден кабар болбой жатканына байланыштуу Франциянын полициясы иликтөө баштады.  Ал 29-сентябрдан бери байланышка чыкпай жатканын "Reuters" агенттигине полициядагы маалымат булагы кабарлаган.  Маалыматка караганда, полицияга Хунвэйдин аялы кайрылып, күйөөсү Кытайга кеткенден бери байланыш үзүлгөнүн айткан.  Интерпол - күч түзүмдөрүнүн аракеттерин бириктирип, эл аралык издөө жүргүзгөн орган. Анын курамына 190 өлкө кирет. Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында.  ... Читать дальше...

Татарстан: буркиничен пенсионерди бассейнге киргизбей жатышат

Azattyk.org 

Казан шаарында 71 жаштагы Ираида Шафигуллинага буркиничен бассейнге түшүүгө уруксат бербей коюшту. Бул тууралуу "Азаттыктын" татар кызматы кабарлады. Дарыгерлер "көбүрөөк сууда сүзүү керек" дегендиктен ал аял акыркы эки жылдан бери шаардагы бассейндердин бирине такай барып, буркиничен түшүп турган. Сентябрдын аягында бир ай акысын алдын-ала төлөп, сууга түшүп жатканда бассейн тейлөөчүлөр сыртка чыгарып салышкан.  "Мен "түшүндүрүп бергиле" дедим. Мен кимдир-бирөөгө ыңгайсыздык жаратып атамбы?... Читать дальше...

Ош: Майыптарга батир бөлүштүргөн эки кызматкер камалды

Azattyk.org 

Ошто майыптар үчүн курулган үйдөгү батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзам бузган деп шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 2-октябрда алар атайын кызматтын Оштогу тергөө абагына камалды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” жана “кызматтык жасалмачылык” деген беренелеринин негизинде айып тагылды.... Читать дальше...

Агартуучулардын абалы кандай?

Azattyk.org 

5-октябрь - Мугалимдер күнү. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө 114 миңден ашуун мугалим жана окутуучу эмгектенет. Алардын абалы, деңгээли кандай экенин кабарчыбыз шаар тургундарынан сурап көрдү.

ӨКМ: Аба ырайы кескин өзгөрөт

Azattyk.org 

Ушул жуманын аягында Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктер бүгүн буга байланыштуу шашылыш билдирүү таратышты. Анда 7-октябрда күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылат. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай аба ырайы автоунаалардын каттамын... Читать дальше...

Актөбөдө өлгөндөрдүн жакындары кун доолап жатышат

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө шаарында өзбекстандык 52 адамдын өмүрүн алган өрт боюнча сот уланууда. Сот отурумунда жабыркагандар моралдык зыян катары ар бир маркум үчүн 150 миллион теңге жана жазанын эң катаалын талап кылышты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына алардын адвокаттарынын бири Акжан Акылова билдирди.  Автобустун өрттөнүшү боюнча беш адам соттолууда. Үчөө айдоочулар. Аларга "өрт коопсуздугу боюнча талаптарды, транспортту колдонуу эрежелерин аткарган эмес" деген айып тагылууда. Ал эми "Азия... Читать дальше...

Сүйүнчү акча үчүн эсепти бала төрөлгөнгө чейин эле ачуу пландалууда

Azattyk.org 

“Балага сүйүнчү” төлөө ыкмасы автоматташтырылат. Бул тууралуу бүгүн “Түндүк” аттуу өкмөттүк системанын иши боюнча жыйында Электрондук байланыш борборунун директору Нурия Кутнаева билдирди. Анын айтымында, аял кош бойлуу кезинде эле анын жеке эсеби ачылат. Бул процесс Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен байланыштырылат. Бала төрөлгөндөн кийин сүйүнчү акча дароо ошол эсепке түшөт. Андыктан жаңы ыкма кош бойлуу аялдардын эртерээк дарыгерлердин каттоосуна алынышына да шарт түзөт. Кыргызстанда быйылтан... Читать дальше...


Музыкальные новости
Наташа Королёва

«Она не ожидала»: стала известна реакция Королевой на инцидент в Кремле 9 мая





Rss.plus
Домодедово

Замминистра строительства и ЖКХ РФ высоко оценил парковую инфраструктуру Домодедово




В угольную отрасль Кузбасса в 2024 г. планируют вложить более 135 млрд руб.

Панда Катюша общается с посетителями через стекло

За майские праздники Елабуга приняла 25 теплоходов и свыше 3,6 тыс. туристов

Турецкие СМИ бьют тревогу насчет вероятности ядерного конфликта между РФ и НАТО




Орусияда алты айда 132 миңдей кыргызстандык ишке расмий орношту

Azattyk.org 

Орусиянын ИИМинин Миграция башкармалыгына январь-июнь айларында 132 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын аймагында расмий ишке орношкону тууралуу маалымдама жөнөтүлгөн. Ошол эле маалда 161 миңдей жаран чек арада Орусияга келишинин максатын "иш" деп белгилеген. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигинин биринчи катчысы Алмаш Алтымышева билдирди. Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары боюнча эмгек мигранттары жумушка орношкон соң жумуш берүүчү же жеке өзү Миграция башкармалыгынын бөлүмдөрүнө түзүлгөн эмгек келишиминин көчүрмөсүн жөнөтүп... Читать дальше...

Ингушетияда жерге байланыштуу митинг уланууда

Azattyk.org 

Ингушетияда Чеченстан менен жер алмашууга каршы акция уланууда. Бейшембидеги митингден кийин ондогон адам парламенттин алдында түнөдү. Эл аларга тамак-аш, жылуу кийим берип жатканын "Кавказ түйүнү" сайты кабарлоодо.  5-октябрга оогон түнү митингчилер жер алмашууга каршы болгон 15 депутаттын тизмеси деп сөз болгон, фамилиялардын тушуна колдор коюлган кагазды жарыялашты. Бийлик келишимге "үч гана депутат каршы чыккан" деп билдирип келатат.  26-сентябрда Евкуров менен Чеченстандын башчысы Рамзан... Читать дальше...

Церетели: Террорго жалгыз туруштук берүү кыйын

Azattyk.org 

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын президенти Георгий Церетели "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Ооганстанды изилдөө боюнча аналитикалык борборду ачууну кубаттай турганын айтты.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ээлерин тапты

Azattyk.org 

Нобелдин 2018-жылкы тынчтык сыйлыгы ээлерин тапканын 5-октябрда комитеттин төрайымы Берит Рейсс-Андерсен жарыялады. - Норвегиялык Нобел комитети 2018-жылдагы тынчтык сыйлыгын жыныстык зомбулукту согуш куралы катары колдонуу аракеттерин жана куралдуу жаңжалдарды токтотууга кошкон салымдары үчүн Денис Муквеге менен Надия Мурадга ыйгарууну чечти. Эки лауреат тең ушундай согуш кылмыштарына көңүл буруп, ага каршы күрөшүүгө чечкиндүү салым кошушту, - деди ал.  Доктор-гинеколог Муквеге Конгодогу козголоңчулар зордуктаган аялдарды дарылап келет. Читать дальше...

Пенс: Бээжин АКШны бөлүп-жаргысы келет

Azattyk.org 

АКШнын вице-президенти Майк Пенс "ички саясатыбызга кийлигишип, Трамптын аброюн кетирүүгө далатат кылууда" деп Кытайды кескин сынга алды.  4-октябрда Хадсон институтундагы сөзүндө Пенс муну менен Кытай соода саясатына байланыштуу өч алып жатканын белгиледи.  - Июнда Бээжинде "Үгүт жана цензура тууралуу билдирүү" деген жашыруун документ тарады. Анда Кытай, алардын сөзү менен айтканда "Кошмо Штаттардагы ички топторду кылдат жана чебердик менен бөлүп-жарышы" керек экендиги белгиленет. АКШнын Кытай... Читать дальше...

6-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

6-октябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29, Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 23...28, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30, Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,  Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23 градуска жетет. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус болот.



Москва

В театре «Модерн» состоялась премьера моноспектакля «Исповедь счастливой женщины. Эдит Пиаф»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Уникальный культурно-досуговый центр «Полярный» достроят в этом году



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пётр Чайковский

В день рождения Петра Чайковского на выставке-форуме «Россия» выступил квартет из Удмуртии




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В столице на фестивале «Московская весна» на Коптевском бульваре проходят спортивные конкурсы

Баскетбольный «Зенит» с разницей в 14 очков проиграл в Москве ЦСКА и уступает в полуфинальной серии Единой Лиги ВТБ со счётом 1–2

Танцоры из Асбеста выступят в Москве


Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Чем грозит парковка на газоне



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России