Жоламан Шаршенбеков деген ким? Балбан тууралуу 7 факты
Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 55 килограмм салмактагылар арасында күмүш байгеге ээ болду.
Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 55 килограмм салмактагылар арасында күмүш байгеге ээ болду.
26-октябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге үчүн күрөштө азербайжандык Элданиз Азизлиге жеңилип (0:10), күмүш байге алды. Мелдеш Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков 25-октябрда грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалдык беттешке жолдомо алганга чейин бардык атаандаштарын ири эсепте жеңген. Читать дальше...
АКШда президент Доналд Трамптын оппоненттерине жардыруучу жабдык салынган кутучаларды жөнөтүүгө шектүү биринчи киши кармалды. Федералдык иликтөө бюросу – ФБР бул маалыматты "Твиттерде" бышыктады. Бир катар маалымат агенттиктер шектүү Флорида штатында колго түшүрүлгөнүн жазышууда. Акыркы бир нече күндө демократтардын өкүлдөрүнө жана Трамптын көрүнүктүү сынчыларына он эки чакты таңгак жөнөтүлгөн. Атап айтканда, экс-президенттер Барак Обама жана Билл Клинтон, мурдагы вице-президент Жо Байден, актер Роберт де Ниро... Читать дальше...
Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргыз балбаны. 2006-жылы Канатбек Бегалиев финалга чыгып, бирок жеңиш атаандашына буюргандыктан күмүш байгеге ээ болгон.
Айына төрт миң сом алып иштеген театр актрисасы. Он жыл окуп, беш миң сом айлык алган үй-бүлөлүк дарыгер. "Азаттык+" бул жолу айлыгы аз, түйшүгү чачтан көп жаш адистердин жашоосуна кызыкты.
Бишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сот болуп, эки кишиге айыптары расмий угузулду.
АКШнын Флорида штатында полиция демократ-сенатор Кори Букерге жолдонгон шектүү таңгакты таап алды. Бул маалыматты ФБР да тастыктады. Ушундай эле таңгак жума күнү эртең менен Нью-Йорктогу почтадан табылган. Бышыктала элек маалыматтарга караганда, ал Улуттук чалгындоо мекемесинин мурдагы башчысы Жеймс Клэпперге жиберилген. Болжол менен бул эки кутучада да колго жасалган жардыргыч заттар бар болгон. Акыркы бир нече күндө президент Дональд Трамптын көрүнүктүү сынчыларына ушундай эле 10 таңгак жөнөтүлгөн. Читать дальше...
Кошмо Штаттар менен Орусия кансыз согуш доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдырын эми БУУда талаша турган болууда. Москванын келишимди сактап калуу маселесин Башкы ассамблеяда добушка салуу аракетине Вашингтон каршы чыгып жатат. Орус дипломаттары Башкы ассамблеянын Куралсыздануу боюнча комитетине тиешелүү резолюция долбоорун 25-октябрда киргизишти. Анда Вашингтон менен Москванын дарегине Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди сактап калуу жана эки өлкөнү камтама кылган... Читать дальше...
Жапониянын премьер-министри акыркы жети жылда биринчи жолу Бээжинге келди. Соңку эки күндө Синдзо Абэ менен Кытайдын премьер-министри Ли Кецян ири экономикалык келишимдерге кол коюшту.
Жапония менен Кытайдын жакындашуусуна эмне себеп? Кошмо Штаттар менен Орусия кансыз согуш доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдырын эми Бириккен Улуттар Уюмунда да талаша турган болууда. Ирландиялык ырчы Шинейд О'Коннор ислам динине өткөнүн жарыялады.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Вашингтон 2008-жылы Грузия менен согушка байланыштуу Орусияга каршы баардык жазалоочу чараларды көргөн деп билдирди. 26-октябрда Тблисиде Грузиянын жогорку жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Болтон Кошмо Штаттар Грузиянын аймактык бүтүндгүн жана эгемендигин колдойт деди. Орусия Грузиянын жикчил чөлкөмдөрү Түштүк Осетия менен Абхазиянын жетекчилерин колдоп келатат. Эки аймак 1990-жылдардын башында Грузиянын борбордук өкмөтүнүн көзөмөлүнөн чыкканын жарыялашкан. Читать дальше...
Бийликтеги таасирлүү адамдын жакын тууганы Алай районунун акими болуп дайындалганы талкуу жаратты.
Чет өлкөдө билимин жогорулатып келүүнү эңсеген жаштар күндөн күнгө көбөйүп баратканы байкалат.
Мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова парламент депутаттары "далилденбеген маалыматтарды жарыялап жатат" деп нааразы. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда "Би-Би-Си" радиосунун кыргыз кызматынын түз эфиринде билдирди. Ал Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиеванын "Исакунова үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен чет жактарга чыгып жүргөн" деп айткандары чындыкка туура келбей турганын, өзүнүн ак экенин далилдөө үчүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын кошумчалады... Читать дальше...
Кошмо Штаттар менен Орусия “кансыз согуш” доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдырын эми Бириккен Улуттар Уюмунда талашканы турат. Келишимди сактап калуу маселесин Башкы Ассамблеяда добушка салгысы келген Москванын аракетине Вашингтон каршы чыгып жатат.
Кошмо Штаттар менен Орусия “кансыз согуш” доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдырын эми Бириккен Улуттар Уюмунда талашканы турат. Келишимди сактап калуу маселесин Башкы Ассамблеяда добушка салгысы келген Москванын аракетине Вашингтон каршы чыгып жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты болгон Акылбек Жамангуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын мандаты партиялык тизме боюнча Нурбек Тотоновго берилди. БШК Тотоновго депутаттык күбөлүктү жана төш белгини тапшырды. Эреже боюнча, эми ал парламентте ант берип, кызматына киришет. Акылбек Жамангулов 24-октябрда «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна («Мегаком» мобилдик компаниясы) жетекчи болуп дайындалган. Читать дальше...
Кочкор районунун тургуну Мирбек Асанбаев айылына окуу борбор ачты. Ал жерде балдар англис, кытай, орус тилдерин тереңдетип үйрөнүп, менталдык арифметиканы өздөштүрөт. Мындай демилге айыл жергесинде өзгөчө жаңылык катары кабылданып, баласынын келечегине инвестиция кылган ата-энелердин катары көбөйдү.
Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттары президентке жиберген кайрылуусунун жообу үч айдан бери келбей жатканына кабатыр.
Биринчи май райондук сотунда 26-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга жана ишкананы модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишин кароо уланды. Жараянда айыпталуучулардын бири "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев аны үй камагына чыгарууну өтүндү. Буга "Калиевдин ЖЭБдеги аварияга тиешеси жок, аялы кош бойлуу, ал көп балалуу үй-бүлөнү жалгыз багып келген" деген жүйө келтирди. Мамлекеттик айыптоочу тарап буга каршы чыгып... Читать дальше...
Ирландиялык ырчы Шинейд О'Коннор ислам динине өткөнүн жарыялады. Ал аты-жөнүн Шухада Давитт деп өзгөртүп, жоолук салынган сүрөтүн Интернетке жайгаштырды. Мындай кадамын ырчы Кудайга жаккан ишти издөөнүн жыйынтыгы деп түшүндүрдү. О'Коннор "Твиттердеги" баракчасы аркылуу жалпы мусулмандарга алардын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бир күн мурда ирландиялык имам Умар аль-Кадри О'Коннордун мусулманчылыкка өтүүгө ант берип жаткан видеону социалдык тармактарга жайгаштырган. Шинейд О'Коннор 1990-жылы... Читать дальше...
Пакистандын премьер-министри Имран Хан өлкө экономикасын кризистен чыгарууга жардам табуу максатында кийинки жумада Кытайга бармакчы. Ушул жумада премьер төлөмдөр балансындагы кризисти жөнгө салыш үчүн Сауд Арабиясынан 6 миллиард доллар алуу жөнүндө макулдашты. 24-октябрдагы телекайрылуусунда Хан өкмөт Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) алынчу болжолдуу карыздын көлөмүн азайтууну максат кылаарын белгиледи. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Хан 2-5-ноябрь күндөрү Бээжин жана Шанхай шаарларында болуп... Читать дальше...
Ош облусунун Алай районунун акими Замирбек Молдокуловду кызматка дайындоодо анын кесипкөйлүгүнө маани берилген. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу "Азаттыкка" билдирди. - Бу кишини дайындоодо анын эмгек тажрыйбасы, жамаат менен иштей алаары, Алай районундагы аброю эске алынган. Буга чейинки аким башка ишке өткөнүнө байланыштуу Замир Молдокулов аким кызматына дайындалган. Алай районунун акими болуп дайындалган Замирбек Молдокулов - президенттик аппараттын... Читать дальше...
Саудиялык журналист Жамал Хашоггинин сөөгү кислота жана химиялык зат менен эритилип жок кылынган болушу ыктымал экендигин Al Jazeera телеканалы түрк ММКларына шилтеме берип кабарлады.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сауд Арабиясынын бийлигин киши колдуу болуп өлгөн журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүгү катылган жерди көргөзүүгө чакырды. Эрдоган "саудиялык агенттер журналисттин көзүн тазалагандан кийин анын сөөгүн катууга жардамдашкан “жергиликтүү адамдардын” аты-жөнүн Эр-Рияд ачыкка чыгарышы керек" деди. АКШда жашап, “The Washington Post” гезитине макала жазып жүргөн Хашогжи 2-октябрда падышалыктын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн. Эрдогандын айтымында,... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости