АКШ Иран менен достук келишимин токтоторун билдирди
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон 1955-жылы Тегерaн менен жетишилген достук келишимин токтоторун айтты. Ал ошондой эле Эл аралык соттун АКШнын санкциялары боюнча чыгарган чечимин сындап, Тегеранды Гаага сотун өз саясаты үчүн “колдонуп жатат” деп айыптады. Өткөн аптада Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында АКШ президенти Дональд Трамп дүйнө мамлекеттерин Иран өкмөтүн “агрессиялык” саясатты улантып жатканы үчүн изоляциялоого чакырса, өз кезегинде Иран президенти Хасан Роухани Вашингтонду “экономикалык терроризм” үчүн айыптады. Читать дальше...