Орусияда Кыргызстандан ташылып бараткан товар кармалды
Орусияда Кыргызстандан мыйзамсыз товар ташып өтүүгө аракет жасагандар кармалды. Бул тууралуу Уралдын бажы башкармалыгы расмий сайтына жарыялады.
Мекеменин маалыматына караганда, Екатеринбургду көздөй бараткан машина Челябинсктин «Троицк» өткөрмө бекетинен колго түштү.
Ичинде спорттук костюмдар, жинсы, көйнөктөр табылган. Алардын 800 даанасына GUCCI, Reebok, Adidas, Puma, Philipp Plein, Dolce & Gabbana деген товардык белгилер чапталган.
Орус тарап бул фирмалардын өкүлдөрүнө келтирилген зыян 3 миллион рубль деп өлчөнүп жатканын билдирди. Товар полицияга өткөрүлүп берилди. (RK)