Лейлек районундагы айылдык кеңештин депутаты адам уурдоого шек саналып жатат
![Лейлек районундагы айылдык кеңештин депутаты адам уурдоого шек саналып жатат](https://gdb.rferl.org/C3D464AA-2230-46C2-B002-813DCB61CEBD_cx17_cy19_cw76_w800_h450.jpg)
Лейлек районундагы айылдык кеңештин депутаты адам уурдоого шектелүүдө.
Ага бир тууганы көмөктөшкөн деген маалымат бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Лейлектин Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Бишкек шаарында бир адамды күчтөп автоунаага салып кетип жабыла токмоктошкон.
Бишкек милициясы бул иш боюнча жабырлануучудан арыз 28-сентябрда түшкөнүн, учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. (MdN)