Путин экстремизм боюнча беренени жумшартууну сунуш кылды
Орусиянын президенти Владимир Путин «жек көрүүнү жана кастыкты козутуу» жөнүндө беренени жарым-жартылай жумшартууну сунуш кылды. Мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага келип түштү.
Путин эгерде жаран кылмышка биринчи жолу барса жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратпаса, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесин колдонбоону сунуш кылды. Президенттин белгилешинче, калган учурда бул беренени колдонуу негиздүү. Бирок бир жыл ичинде кайрадан кылмыш кылса, ал адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Быйыл августта Барнуалда «ВКонтакте» социалдык тармагында мемдерди жарыялагандарга төрт кылмыш иши ачылган. Андрей Шашерин, Антон Ангел, Мария Мотузная жана Даниил Маркин «жек көрүүнү жана кастыкты козуткан» жана «диний ишенимге акарат келтирген» деп айыпталган.
Былтыр Орусияда социалдык сайттарда маалымат бөлүшүп жана жактырганы үчүн 461 киши кылмыш жоопкерчилигине кириптер болушкан. Путин 7-июнда элдин суроолоруна түз эфирде жооп берип жатканда мындай жүйө менен жаза чегерүүдө чектен ашпаш керек экенин айткан.