АКШ элчиси орус ракеталары жок кылынарын эскертти
![АКШ элчиси орус ракеталары жок кылынарын эскертти](https://gdb.rferl.org/BB2BF942-CAC6-4AC9-B0EB-5E95253A620B_w800_h450.jpg)
Брюсселде бүгүн НАТОнун коргоо министрлеринин эки күндүк жыйыны башталууда. Аны утурлай Кошмо Штаттар Орусия ракеталар боюнча мындан отуз жыл мурда кол коюлган келишимдин шарттарын бузуп жатканын дагы бир жолу эске салып, НАТОдогу өнөктөштөрүн бул жагдайга олуттуу көңүл бурууга чакырды. Ал түгүл АКШнын Түндүк Атлантикалык Альянстагы элчиси өз өлкөсү Орусиянын келишимде тыюу салынган ракеталарын жок кыла аларын да эскертип өттү. Кайра бул сөзүнө 3- октябрда түзөтүү киргизди.