Дүйнөлүк шахмат федерациясына жаңы жетекчи шайланат
Дүйнөлүк шахмат федерациясы (Fédération Internationale des Échecs, FIDE - ФИДЕ) Грузиянын Батуми шаарында өтүп жаткан конгрессте жаңы президент шайлоонун алдында турат.
Конгресске ар кайсы өлкөдөн келген 185 делегат бул орунга ат салышып жаткан үч талапкерге добуш беришет. Жеңүүчү бүгүн белгилүү болот.
Федерацияны жетектөөгө ФИДЕнин вице-президенти грециялык Георгиос Макропулос, Орусиянын вице-премьер-министри жана улуттук шахмат федерациясынын мүчөсү Аркадий Дворкович жана британиялык гроссмейстер Найжел Шорт талапкерлигин койгон.
ФИДЕни 1995-жылдан тарта жетектеген Кирсан Илюмжинов бул жолу талапкерлигин көрсөткөн жок. 2015-жылы АКШ ага каршы санкцияларды киргизген соң анын ыйгарым укуктары чектелген.
Илюмжинов Орусиянын курамына кирген Калмак Республикасын 17 жыл башкарып, төрт ирет президент болуп дайындалган.