Ала-Арчадагы ажарлуу күз
Француз жазуучусу Альбер Камю "Күз - жаратылыштын экинчи жазы, анда ар бир жалбырак гүлгө айланат" деген экен. Табияттын бул өзгөчө сулуу айын ырга айлантпаган акын жоктур. Бул темага кыргыз акындары да көп кайрылган экен. Алардын айрымдарын топтоп, "Азаттыктын" кабарчысы Ала-Арчага барып тарткан сүрөттөр менен кошо сунуштоону чечтик. Туристтер сүйгөн капчыгай азыр түркүн түстүү күрмө жамынып, кандай ыр, кандай мактоо жаадырсаң да жарашып, келберсип турган кези.