Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Экотехинспекциядагы мыйзамсыз иштер аныкталды

0
Экотехинспекциядагы мыйзамсыз иштер аныкталды

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айрым мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу аталган инспекциянын мурунку басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын кайрылуусунан кийин түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы боюнча президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта ошондой эле Мамбеталиева кызматтан мыйзамсыз алынганы белгиленген. 

Мамбеталиева мекемедеги жемкордукка каршы чыкканы үчүн жумушунан айрылганын айтып чыккан болчу. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Анара Мамбеталиева менен жолугушуп, айткан фактылар кылдат иликтенээрин белгилеген. Кайрылууда келтирилген коррупциянын айрым фактыларын изилдөө боюнча мекеме аралык жумушчу комиссиясы түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Экотехинспекциянын эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерди сыйлоо иретинде эмес, майрамдык даталарга шилтеме жасалып, айлык акыга кошумча акча төлөнгөнү аныкталган.

Текшерүүнүн материалдарына ылайык, 2016-жылы майрамдык даталарга карата жалпы суммасы 5 178 936 сом сыйлык катары төлөнгөн. Ошол сыяктуу эле 2017-жылы жалпы суммасы 2 030 666 сом сыйлык катары төлөнгөн. Сыйлык жалпы суммасы 7 209 602 сомду түзгөн.

Андан тышкары, белгиленген укук актыларын бузуу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерге материалдык жардам катары 2016-жылдан бери 3 625 691 сом бөлүнгөн.

Муну менен катар 2018-жылдын 1-сентябрына карата инспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлерине маянадан ашыкча төлөнгөн акча каражатынын көлөмү 396 113 сомду түзгөн.

Белектерди сатып алыш үчүн 45 миң сом накталай акча каражаты мыйзамсыз берилип, бирок тастыктоочу документтер жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө камсыздоочуларга 1 167 335 сом которулганы менен конкурстун негизинде тапшырылган товарлардын 796 450 сомун гана түзгөнү ачыкка чыккан. Мындай жол менен камсыздоочунун эсебине 370 885 сом ашыкча которулган, ал эми айып санкцияларын эсепке алганда республикалык бюджетке 394 800 сом кайтарылууга тийиш.

Текшерүүнүн материалдарында мекемеде Эмгек кодексин жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамды бузуу менен бош административдик мамлекеттик кызматтарга адамдарды дайындоолор болгону айтылат.

Мындан тышкары, Экотехмаминспекциянын жетекчилиги тарабынан антикоррупциялык саясат дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Натыйжалуулукту баалоо жана талдоо жүргүзүлгөн эмес.

Бул фактылардын негизинде аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен инспекциядагы бир катар кызматкерлердин, анын ичинде статс-катчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгууну, башкармалыктардын жетекчилеринен тартып, мекеменин башчысына чейин катуу тартип жоопкерчилигине тартуу сунуш кылынды.

Комиссия иштеп жаткан учурда аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча Башкы прокуратура тарабынан тийиштүү прокурордук чара көрүү актылары жөнүндө сунуш киргизилди. (КЕ)





Губернаторы России
Москва

Собянин: Благоустройство улицы Бутлерова в ЮЗАО завершено





Москва

Источник 360.ru: автобус протащил зажатую дверями женщину на юго-западе Москвы


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Благоустройство улицы Бутлерова в ЮЗАО завершено



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Фёдор Шаляпин

В Уфе открыли Музей музыки имени Федора Шаляпина




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Завершилась сап-экскурсия на фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя»

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.


WTA

Касаткина опустилась на 13-ю строчку в рейтинге WTA, Рахимова поднялась на 18



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Блоги

Театрально-кукольные вести из Бурятского театра "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Серебряные звездочки засветились в буддийском дацане в Иволге



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России