Ингушетияда Чеченстан менен жер алмашууга каршы чыгышты
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Түндүк Кавказ кызматы кабарлагандай, бүгүн Ингушетиянын борбору Магаста Чеченстан менен жер алмашууга каршы болгондордун акциясы өтүп жатат. Нааразылар парламенттин алдында чогулушкан.
Ингушетиянын Бейөкмөт уюмдарынын Координациялык кеңешинин төрагасы Магомед Муцольговдун айтканына караганда, бүгүнкү нааразылык акцияга 6 миңдей киши жыйналган. Алар менен республика башчысы Юнус-Бек Евкуров жолугууга аракеттенген учурда демонстранттар кыйкырып, бөтөлкө ыргытылган. Мындан улам сакчылар асманга ок атышкан.
Быйыл 26-сентябрда Ингушетия менен Чеченстандын башчылары: Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров эки аймак ортосундагы чек араны бекитүү боюнча келишимге кол койгон.
Ингушетияда буга каршы нааразылык акциялар өткөн айдын соңунда эле башталган.
Активисттер келишим Ингушетия үчүн пайдасыз деп ырасташууда.
4-октябрда аймактык парламент Чеченстан менен жер алмашууну караган макулдашууну жактырды.
Бирок Ингушетиянын Конституциялык соту буга каршы чыкты.
Соттун төрайымы Аюпа Гагиева жарыялаган бүтүмдө Ингушетиянын мыйзамдары боюнча республика аймагынын бир бөлүгүн Орусиянын башка субъектисине берүү референдум аркылуу гана ишке ашырылышы керек. Соңку нааразылык акцияларына байланыштуу Ингушетия аймагында 3-октябрдын кечинен тарта Интернет да өчүрүлгөнү да кабарланууда. (UE)