АКШ сенаты Каванону Жогорку соттун судьялыгына бекитти
АКШнын Жогорку сотунун судьялыгына көрсөтүлгөн Бретта Каванонун талапкерлиги сенатта колдоо тапты. Аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп, коомчулуктун сынына кабылган Каванону кызматка президент Дональд Трамп сунуш кылган.
Анын талапкерлиги республикачылар басымдуулук кылган Сенатта колдоо тапкан учурда сыртта миңдей адам Каваного каршы нааразылык билдирип турду. Ак үй Бретта Кавано жакын арада ант берип, кызматка киришерин маалымдады.
Бретта Каванодон ыдык көргөнүн буга чейин үч аял жарыялаган. Кавано муну четке каккан. Демократтар Кавано судья болуп шайланып калса, Жогорку соттогу консервативдик көз караштагы күчтөр көптүк кылып кетет деп чочулашууда.