Аба ырайы: 8-октябрда жаан жаайт
8-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 10...15,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18,
Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 4…6, күндүз 10…12 градус болот.
Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болорун эскертти.
8-10-октябрда күн сууп, Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -3 градуска чейин үшүк жүрүшү ыктымал.
8-октябрда Баткендин Лейлек районунда жамгыр аралаш кар жааганын аймактагы тургундар кабарлап, "Азаттыкка" видео жөнөтүштү.