Парламент комитети маалыматтык коопсуздук боюнча келишимди жактырды
![Парламент комитети маалыматтык коопсуздук боюнча келишимди жактырды](https://gdb.rferl.org/123C8F67-E144-4BB6-8BF2-D8522FC8EF84_w800_h450.jpg)
Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо тууралуу келишимди жактырды.
Аталган комитеттин 9-октябрдагы жыйынында Минск шаарында "2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жааматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков маалымат берди.
Анын айтымында, аталган макулдашуунун максаты - ЖККУга мүчө мамлекеттердин маалыматтык коопсуздугу жаатында өз ара кызматташууну өнүктүрүү. Мыйзам долбоору бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт.
IT адистердин айтуусунда, биометрикалык маалыматтардын чогулушу менен мамлекет анын коопсуздугун сактоого тийиш. Экстремисттик сайттар күн санап күчөп жаткандыктан киберкоопсуздукту күчөтүү да күн тартибинде. (TSh)