УКМК: чагымчыл видеороликтерди тараткан адам кармалды
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Баткен облусунун 29 жаштагы тургуну 22-октябрда кармалганын, ал «WhatsApp» социалдык тармагында 100 абонент катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштырганын билдирди.
"Такталган маалымат боюнча кармалган киши 2010-жылдагы окуяларда өзбек улутундагы белгисиз адамдар кыргыз улутундагы адамдарды сабап, ошондой эле кыргыз улутундагы жаш балдар өзбек улутундагы адамдарды сабаганы үчүн кечирим суратканы тартылган видео роликтерди жайылткан" деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, кармалган адам материалдарды таркатканын моюнга алган.
Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык улут аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттерди пропагандалоо үчүн төрт жылдан жети жылга чейинки абак мөөнөтү берилет. (NT)