Германия Саудияны курал менен жабдууну токтотконун ырастады
![Германия Саудияны курал менен жабдууну токтотконун ырастады](https://gdb.rferl.org/5213D9E2-F2C9-4AED-AE19-77451DF576B2_w800_h450.jpg)
Сауд Арабияны курал менен жабдууну токтотуп жатканын дүйшөмбү күнү Гермениянын экономика министри Петер Альтмайер ырастады. Мындай ниетин канцлер Ангела Меркел жекшембиде билдирген. Саудиялыктарга курал сатуудан баш тартуу чечими журналист Жамал Хашогжинин (Хашоггинин) өлүмүнө байланыштуу болууда.
Financial Times басылмасынын жазганына караганда, Германия менен Сауд Арабия 2018-жылы 400 млн. долларлык курал экспортто тууралуу макулдашкан. Берлин бул макулдашуу Эр-Рияд журналисттин өлүмүн дыкат иликтеп чыккан соң калыбына келерин билдирип жатат.
Сауд Арабиясы өзүнүн Стамбулдагы консулдугунда журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшүн “чоң жана коркунучтуу катачылык” деп баалап, ага жооптуулар жазага тартыларын билдирди. Бирок бул билдирүүлөр АКШ менен Түркияны ынандырган жок. Вашингтон менен Анкара журналисттин өлүмү алдын ала пландалган деп билдирүүдө. (КЕ)