Бишкекте позитивдүү ата-эне болууга үйрөткөн ресурстук борбор ачылды
![Бишкекте позитивдүү ата-эне болууга үйрөткөн ресурстук борбор ачылды](https://gdb.rferl.org/680342A4-52EF-4EA4-B97D-B6FA2A0E085B_w800_h450.jpg)
Бишкекте позитивдүү ата-эне болууга үйрөткөн ресурстук борбор иштей баштады. БУУнун Балдар фондунан (ЮНИСЕФ) кабарлашкандай, борбор баланын үй-бүлөдөн ажырап калуусун болтурбоо жана баланы тарбиялоодо кордук көрсөтүүчү ыкмалардын алдын алуу максатында иш алып барат.
Позитивдүү ата-эне болуу усулдарын жайылтуу ата-энелер үчүн, ошондой эле балдарды коргоо жаатындагы адистер үчүн уюштурулган тренингдердин жана консультациялардын жардамы менен ишке ашат.
“ЮНИСЕФ балдарды зордук-зомбулуктан коргоо үчүн позитивдүү ата-эне болуу маанилүү экенине жана бул багытта жумшалган инвестициялар маселени системалуу деңгээлде чечүүгө жол берет деп ишенет. Ресурстук борбор ата-энелерди балага кордук көрсөтпөй, зыян келтирбей тарбиялоо усулдарына үйрөтөт, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин программалар боюнча директору Тед Чайбан.
22-октябрда борбордун ачылыш аземине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Бишкектин мэри Азиз Суракматов жана ЮНИСЕФтин программалар боюнча директору Тед Чайбан катышты.
Аталган борбор мэрия жана “SOS-кыштак Кыргызстан” менен биргелешип ачылды. Борбор Бишкек шаардык мэриясына караштуу балдарга жардам берүү борборунда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин методологиялык жетекчилиги алдында иш алып барат.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 23 миң 328 жетим бала бар жана 48 042 бала толук эмес үй-бүлөдө тарбияланат. 2014-жылдагы изилдөөлөрү боюнча, 1ден 14 жашка чейинки курактагы балдардын 11% - мигранттардын балдары. Ушул эле изилдөөгө ылайык, 14 жашка толо элек балдардын 57% зомбулук мүнөздөгү тарбиялоонун кайсы бир түрлөрүн көрүп өскөн. (КЕ)