"Credit Suisse": дүйнөдө миллионерлердин саны 42 миллиондон ашты
Мындай эсеп Швейцариядагы "Credit Suisse Research" институтунун “Global Wealth report 2018” аттуу жаңы баяндамасында айтылды.
Өткөн аптада жарыяланган баяндамада келтирилген маалыматтарга караганда, глобалдык чен-өлчөмдөн алганда соңку он эки айда байлык 4,6% же 14 триллионго көбөйүп, анын жалпы акчалай көлөмү 317 триллион долларга жетти.
2018-жылга карата дүйнөнүн бул 317 триллион доллардык байлыгынын 98 триллиону Кошмо Штаттарда, 51,8 триллиону Кытайда топтолгон.
2018-жылга карата ошондой эле бүткүл байлыгы бир миллион доллардан көп адамдардын саны 42 миллион 155 миңге жетти. Булардын 16 миллион 472 миңи АКШда, 3 миллион 294 миңи Кытайда жашайт. Франция, Германия, Британиянын ар биринде эки миллиондун тегерегинде миллионер бар. АКШда акыркы бир жылда эле 878 миң миллионер пайда болгон.
Ошол эле учурда дүйнө калкынын ылдыйкы 50% бөлүгү байлыктын 1%дан азына ээлик кылса, жогорку 10% бөлүгү байлыктын 85% бөлүгүн көзөмөлдөйт.
Пирамиданын эң башында бир пайызга жетпеген адам же 42 миллион киши байлыктын 45% жакынына же 142 триллион доллардык дүйнө-мүлккө ээлик кылат.
"Credit Suisse Research" институту алдыдагы беш жылда да дүйнөдө байлык 25% ашуунга көбөйүп, акчалай көлөмү 399 триллион долларга, миллионерлердин саны 55 миллионго жетет деп болжолдойт.
Ал эми миллиардерлердин жаңыланган тизмесин америкалык “Forbes” журналы жыл башында жарыялаган. Ага ылайык 2018-жылдын башына карата дүйнөдө миллиардерлер саны 2208 кишиге жетти, аларды арасында 256 аял бар. (UE)