“Талибанга” байланышы бар тогуз адам "кара тизмеге" киргизилди
Террорчулардын эл аралык каржылануусуна каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн жети өлкөнүн тобу "кара тизмеге" Ооганстандагы “Талибан” кыймылы менен байланышы бар тогуз кишини, анын ичинде Ирандын эки аскерий адамын киргизди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги 23-октябрда жарыялады.
Каржы министри Стивен Мнучин белгилегендей, алар санкциялык тизмеге “Талибандын" жанкечтилердин чабуулдарына жана башка кол салууларга тиешеси бар мүчөлөрүн кошту, ага катар “Талибанды" каражат менен камсыздап, материалдык колдоо көрсөткөн ирандык башкы демөөрчүлөрдү бутага алды.
“Ирандын "Талибанды" аскерий машыгуу, каражат жана курал жагынан камсыздоосу - Тегеран аймактык иштерге кийлигишип, терроризмди колдогонунун чектен чыккан дагы бир мисалы”, - деп айтылат Мнучиндин билдирүүсүндө.
Терроризмди каржылоого каршы борборго (TFTC) АКШ менен бирге Сауд Аравия, Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Бириккен Араб Эмираттары мүчө. Алар "кара тизмеге" киргизгендердин активдери эгер Кошмо Штаттар менен Перс булуңундагы өлкөлөрдө болсо тоңдурулат.
"Кара тизмеге" Ирандан элиталык аскерий түзүм - Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусундагы Кудс күчтөрүнүн Мухаммед Ибрагим жана Исмаил Разави ысымдуу эки офицери киргизилген. (UE)