Британия аялдарга атайын даярдыктагы бөлүктө кызмат өтөөгө уруксат берди
Британияда аялдарга Өзгөчө аба кызматында (SAS) - армиянын атайын бөлүгүндө кызмат өтөөгө уруксат берилди. Өлкөнүн коргоо министри Гэвин Уильямсондун айтымында, эми аялдар британ армиясындагы бардык кызматтарда иштей алат.
Бул тууралуу ВВС жазды. “Биринчи жолу Куралдуу күчтөргө адамдар гендер жактан эмес, жөндөмүнө жараша кабыл алынат”, – деди министр.
Лондон армияда кызмат өтөгөн аялдардын аскердик аракеттерге катышуусуна 2016-жылы уруксат берген. Ошондон бери падышалыктын бронетанк корпусунда 35 аял кызмат өтөп жатат. Эми алар деңиз аскерлеринин арасында, атайын даярдыктагы аскер бөлүгүндө да кызмат өтөсө болот.