Жамангуловдун мандаты Нурбек Тотоновго берилди
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты болгон Акылбек Жамангуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын мандаты партиялык тизме боюнча Нурбек Тотоновго берилди.
БШК Тотоновго депутаттык күбөлүктү жана төш белгини тапшырды. Эреже боюнча, эми ал парламентте ант берип, кызматына киришет.
Акылбек Жамангулов 24-октябрда «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна («Мегаком» мобилдик компаниясы) жетекчи болуп дайындалган.
41 жаштагы Нурбек Тотонов Кыргызстандын Оор атлетика федерациясын жетектеп келген. (NT)