Лавров: АКШ ракеталык келишимдеги шектенген суроолорунун тизмесин берди
Кошмо Штаттар Орто жана кыска аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыгарын жарыялардын алдында Орусияга ал шарттарын аткарбай жатат деген бөлүктөрүнүн тизмесин берди. “Орусия бул суроолорго жооп берүүгө даяр” деди тышкы иштер министри Сергей Лавров 25-октябрда “Москва. Кремль. Путин” телепрограммасындагы маегинде. Анын тексти жекшемби күнү, 28-октябрда Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.
Министрдин сөзүнө караганда, АКШ келишимдеги Орусия аткарбай жатат деген бөлүктөр боюнча тизмени келишимден чыгарын жарыялардан бир жума мурда Москвадагы элчилиги аркылуу берген. Лавров тизме жооп даярдоо үчүн Коргоо министрлигине жана башка мекемелерге жөнөтүлгөнүн кошумчалады.
АКШнын президенти анын өлкөсү 1987-жылы түзүлгөн келишимден чыга турганын 20-октябрда жарыялаган. Дональд Трамп мунун эң башкы жүйөсү катары Орусия ал макулдашууну бузуп жатканын атаган.
Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон.
Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.