Тажикстан: секелекти зордуктаган өспүрүмдөр жети жылга кесилди
![Тажикстан: секелекти зордуктаган өспүрүмдөр жети жылга кесилди](https://gdb.rferl.org/89BE78B6-515A-44D5-A9E4-443F255D727B_w800_h450.jpg)
Тажикстандын Гиссар шаардык соту жети жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган эки өспүрүмдүн ар бирин жети жылдан эркинен ажыратты.
"Азаттыктын" тажик кызматы соттун маалыматына таянуу менен билдиргендей, өкүм азырынча күчүнө кире элек жана айыпталуучу тарап жогорку инстанцияга даттанууга укуктуу. Өспүрүмдөрдүн биринин апасы соттун чечимине макул эместигин, ага каршы даттана турганын билдирди.
Жети жаштагы кыз быйыл июнда Гиссар районундагы Кончи айылында зордукталган. Кончи айылынын 14 жана 15 жаштагы тургундарына "Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү" беренеси менен айып тагылган.
Тажикстанда өспүрүмдөр 16 жаштан тарта кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бирок адам өлтүрүү, зордуктоо же уурулукка күнөөлүү деп табылса, 14 жаштагылар дагы соттолот.