Бишкекте "Улуу даражалуу актер" спектакли коюлат
![Бишкекте](https://gdb.rferl.org/B770B7F4-4B28-4EAF-AE0C-C7988F020B5B_w800_h450.jpg)
Бишкекте бүгүн, 31-октябрда залкар артисттер Муратбек Рыскуловдун 110, Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана алардын уулу, режиссер, актер Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган спектакль коюлат.
"Улуу даражалуу актер" деп аталган спектакль Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында болот.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караганда, каалоочуларга кирүү акысыз.