Индияда дүйнөдөгү эң бийик эстелик ачылды
Өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөштө атагы чыккан, Индиянын алгачкы вице-премьер-министри Сардар Патель Валлабхаинин эстелиги Гужарат штатында тургузулду.
"Биримдиктин айкели" деп аталган бул монументтин бийиктиги 182 метр. Ал Нью-Йорктогу "Эркиндик" статуясынан дээрлик эки эсе бийик. Буга чейин дүйнөнүн эң бийик эстелиги деп мүнөздөлүп келген Кытайдагы Будданын айкелинен 54 метрге узунураак.
Монумент 2 жыл 9 ай ичинде бүткөрүлдү. Ага 430 миллион доллар сарпталып, 250 инженер жана 3400 жумушчу ишке тартылган.
Эстеликти Индиянын премьер-министри Нарендра Моди шаршемби күнү Сардар Пателдин 142 жылдыгын утурлай ачты. "Темирдей адам" атка конгон Патель Индия көз карандысыздыкка жеткенден кийин 500дөй чакан штаттардын башын бириктирүүдө башкы ролду ойногон ишмер катары мүнөздөлүп келет. Премьер-министр бул эстелик Гужарат аймагына туристтерди тартууга өбөлгө түзөөрүн айтты. Бирок жергиликтүү тургундар мындай долбоорго жүз миллиондогон долларды сарптоо туура беле деп суроо салышууда.