Кыргызстан менен Пакистандын президенттери жашы жете элек баланы кайтарып берүүнү талкуулашты
Бишкек, 31-октябрь, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. Түркия Республикасынын негизделишинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына келген Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви менен жолугушту.