Жээнбеков: Санарипке өтүү кечеңдеп жатат
Санариптик трансформацияга байланыштуу долбоорлор кечеңдеп жатканы байкалат. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кеңешчиси Дастан Догоевди жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди кабыл алганда айтты.
«Бардык тоскоолдуктар жоюлушу керек. Санарипке өткөрүү биздин жарандарыбыздын жашоосун жеңилдетип, справка бергенден баштап, мамлекеттик органдар ортосундагы документ алмашуу процессине чейин жашоонун бардык тармактарын камтышы зарыл», — деп белгиледи президент.
Мамлекет башчысына “Санариптик Кыргызстан» программасынын долбоору жөнүндө маалымат берилди.
Бакыт Шаршембиевдин айтымында, бүгүнкү күндө санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын жетөө толугу менен турмушка ашырылды, 17 долбоор иштетилип жатат, калган тогузу боюнча каржылоо булактарын издеп жатышат. (RK)