Орусия кырсыктан кийин Эл аралык космос станциясына пилоттолгон кеме жөнөтөт
Орусия Эл аралык космос станциясына 3-декабрда пилоттолгон кеме жөнөтөт.
"Роскосмос” агенттигинин аткаруучу директору Сергей Крикалев РИА Новости агенттигине билдиргендей, Эл аралык станциядагы экипаж 20-декабрда кайтып келүүгө тийиш.
11-октябрда "Байкоңурдан" космос кемесин учуруу ийгиликсиз аяктагандан кийин бул биринчи аракет болмокчу. Ал күнү орусиялык космонавт менен америкалык астронавтты жеткирип бараткан ракета ташуучу кулап түшкөн. Экипаж аман-эсен жерге конгон.
“Роскосмос” кырсыкка биринчи жана экинчи баскычтын ишин бөлгөн датчиктин ишиндеги мандем себепкер болгонун билдирди.