Дин комиссиясы эрте никенин жана эмдөөдөн баш тартуунун кесепетин түшүндүрүүдө
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүп, эрте никенин жана эмдөөдөн баш тартуунун кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошону менен катар диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизмди жана радикализмди алдын алуу, жарандык интеграция маселелери да көңүл борборунда болууда.
Комиссиянын директору Зайырбек Эргешов 29-октябрдан 2-ноябрга чейин Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорун кыдырып жатат.
Ушундай эле жолугушуулар буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай жана Лейлек райондорунда, Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда жана Нарын шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Таш-Көмүр, Токтогул шаарларында өткөн.
Кыргызстан дин мамлекеттен ажыратылган өлкө.
Өспүрүм кыздарды ала качып, эрте никеге туруу мыйзамда кылмыш катары каралат. Нике күбөлүгү жоктордун никесин кыюуга молдолорго тыюу салынган.
Балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин көбү мындай чечимин диний көз карашына байланыштырышат. Бирок соңку кездери баласын эмдетпей койгон ата-энелер кайра өзүлөрү доктурларга келип, вакцина алууну сурана баштаганы белгилүү болууда. Бул үчүн медицина кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан Дин комиссиясына жана муфтиятка ыраазылык айтууда. (RK)