Христиан аял өлүм жазасынан бошотулду
Пакистандын Жогорку соту "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген" деген айып менен өлүм жазасын күтүп жаткан христиан аялдын өкүмүн жокко чыгарды. Бирок ашынган исламчылардын партиясы жана тарапкерлери Асия Бибинин өкүмүн ишке ашырууну талап кылышууда. Исламабадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.