Астана Асылбек уулун Бишкекке береби?
Алматыда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун үстүнөн сот жараяны башталды. Эки шериги менен бирге аткезчиликке айыпталган мурдагы депутат кыргыз жараны экенин айтып, Кыргызстанда соттоону суранганы белгилүү болду.