Футболчу Лука Модрич “алтын топту” алды
Хорватиялык футболчу Лука Модрич Европанын футбол ассоциациясы тарабынан берилүүчү “жылдын мыкты футболчусу” наамын алып, “алтын топ” менен сыйланды. Натыйжада, Модрич он жылдан бери бул сыйлыкты эч кимге бербей келе жаткан Криштиану Роналду жана Лионель Мессини артка калтырды.
180ден ашык өлкөнүн журналисттеринин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Лука Модрич 759 упай топтоду. Экинчи орунду 476 балл менен португалиялык Криштиану Роналду ээледи. Ал эми франциялык Антуан Гризманн 414 упай менен үчүнчү орунду алды.
33 жаштагы Лука Модрич Испаниянын “Реал” клубунда жарым коргоочулук позицияда ойнойт. (SDz)